Ош облусунда жылдын I кварталында 24 өнөр жай ишканасы ачылды

 Ош облусунда жылдын I кварталында 24 өнөр жай ишканасы ачылды

Ошто өнөр жай тармагын өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүү боюнча 3 ай ичинде 24 жаңы ишкана ачылып, 318 адам жумуш ордуна ээ болду. Бул тууралуу Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын биринчи кварталы боюнча жыйынтыктоочу коллегиялык жыйынында белгилүү болду.

Маалыматта белгиленгендей, жалпысынан бул тармакка 848 млн сомдон ашык инвестиция тартылып, былтыркы жылга салыштырмалуу 662,8 млн сомго көп каражат өздөштүрүлүп, 9 ишкана көп ачылды.

Ошондой эле 2025-жылдын январь-март айларында Ош облусунда 3 млрд 112,3 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 114,3% түзгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 96,4%га жогору.

Связанный пост