Ош облусунда оруп жыйноо иштери кызуу жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенттинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Көк-Жар үрөнчүлүк чарбасынын ишмердүүлүгү жана техникалык базасы менен таанышып, оруп жыйноо иштери үзгүлтүккө учуратпоо жана жергиликтүү дыйкандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө тапшырма берди.
Иш сапардын жүрүшүндө Ноокат районунун Төлөс айыл өкмөтүндөгү жана Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагындагы эгин талаага барып, кылкандуу дан эгиндерди оруп жыйноо иштери менен жеринде таанышты.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Керме-Тоо айыл аймагында 2023-жылдын түшүмү үчүн жалпы 393 гектар жер аянтына күздүк жана жаздык буудай үрөндөрү себилген.
Өкүлдүн биринчи орун басары Уристем Манапов азык-түлүк коопсуздугу бардык өндүрүүчүлөр жана керектөөчүлөр үчүн приоритет болууга тийиш экенин жана жоопкерчиликтүү мамиле гана азык-түлүк сапатын жана коопсуздугун камсыз кыла аларын баса белгиледи.
Жана ошондой эле оруп жыйноо иштеринде мүмкүн болгон коркунучтарды болтурбоо үчүн жол-жоболорду так сактоо жана өндүрүштүн ар бир этабын көзөмөлдөө зарылдыгын белгилеп, тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө тапшырма берди.
Быйыл жаан-чачындын аз болгондугуна байланыштуу түшүм гектарына 18-20 центнерден түшүм алынууда.

Связанный пост