Ош облусунда кулпунай жарманкеси болуп өттү

“Өнүккөн технология жана кулпунай” аттуу акысыз илимий-практикалык семинар жана кулпунай жарманкеси болуп өттү. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Кулпунай семинары жана жарманкеси илимий-практикалык иш-чарада катышуучулар кулпунайды өстүрүү боюнча кээңири маалымат алышты. Иш-чарага негизинен буга чейин кулпунай өстүрүү менен алектенген же бул тармакка кызыккан Ош облусунун дыйкандары жана тургундары катышты.
Кошумчалай кетсек, иш-чарага чет элдик коноктор, республиканын агроөнөр жай комплексинин селекционерлери жана адистери катышып, өздөрүнүн тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшүштү.
Иш-чаранын максаты өлкөнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана экономикага салым кошуу.
Бул иш-чара облустун дыйкандары менен жашоочуларын тармакты өнүктүрүү, жаңы билим жана технологиялар менен камсыз кылуу үчүн маанилүү болду. Негизинен мындай иш-чаралар айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, сапаттуу жана даамдуу продукцияларды өндүрүүнү көбөйтүү үчүн өткөрүлүп турат.

Связанный пост