Ош облусунда келерки кышка даярдык иштери башталды
Ош облусунда 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Учурда “Кыргызстан улуттук электр тармактар” ААКтын филиалы – Ош электр тармактары ишканасынынын Көмөк чордондор кызматы тарабынан “Араван” жана “Ош-3” көмөк чордондорунда кезектеги оңдоо иштери жүрүп жатат.
Тактап айтканда, көмөк чордондордогу негизги электр жабдыктарын профилактикалык сыноодон өткөрүп, кыймылдаткыч бөлүктөрүн оңдоп-түзөө, майлоо иштери жасалууда.
“Аткарылып жаткан иштер керектөөчүлөрдү сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн көмөк чордондогу авариялык кырдаалды болтурбоону, жана алдын алууну көздөйт”, – деп айтылат маалыматта.