Ош облусунда 94 жаңы ишкана ачылып, 1 196 жумуш орду түзүлдү
 
			
    Үстүбүздөгы жылдын 9 айынын ичинде Ош облусунда 94 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, натыйжада 1 196 жумуш орду түзүлгөн.
Ишканалардын ачылышы менен жалпы 5 млрд 46 млн сомдон ашуун инвестиция өздөштүрүлдү.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл 3 млрд 117 млн сомго көп инвестиция тартылып, 2 ишканага көп ачылды.
 
								 
                                     
                                    