Ош облусунда 3 айдын жыйынтыгы чыгарылып, бир катар милдет-тапшырмалар коюлду

 Ош облусунда 3 айдын жыйынтыгы чыгарылып, бир катар милдет-тапшырмалар коюлду

Ош облусунда 3 айдын жыйынтыгы чыгарылып, бир катар милдет-тапшырмалар коюлду.

 

Коллегиялык жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы коллегиянын мүчөлөрү, тиешелүү облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, райондук салык жана агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчылары катышты.

 

✅ Коллегиялык жыйындын күн тартибине 4 маселе каралды:

 

➡️ 1. Уюштуруу маселелери.

➡️ 2. “2024-жылдын I кварталынын жыйынтыктары жана II кварталына милдеттер жөнүндө”

➡️ 3. “Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ченемдик-укуктук актыларынын, тапшырмаларынын, чечимдеринин аткарылышы жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө жөнүндө, райондук мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгек, кадрдык иштерди жүргүзүүнүн тартиби жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо иштеринин абалы жөнүндө”.

➡️ 4. “Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы “Билим берүү жөнүндө” №179 Мыйзамынын Ош облусунун аймагындагы билим берүү мекемелеринде аткарылышынын абалы жөнүндө”.

 

✅ Жыйынтыгында облус башчысы Эльчибек Джантаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Министирлер Кабинети тарабынан коюлуп жаткан баардык милдет-тапшырмаларды өз убагында, сапаттуу аткарылышын жана жарандардын кайрылууларына толук кандуу, өз мөөнөтүндө жооп берүүнү жеке көзөмөлүңүздөргө алып, бул боюнча ар бир айыл өкмөт башчынын, райондук мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү керектигин баса белгилеп, төмөнкү маселе-тапшырмаларды аткаруу тапшырмасын койду:

➡️ 1) Бюджеттин киреше бөлүгү, өндүрүштүн көлөмү боюнча пландык көрсөткүчтөргө жетишүүнү камсыз кылуу, инвесторлорго карата мамилени оңдоп, ишкерлерге жагымдуу климат түзүү.

➡️ 2) Быйыл белгиленип жаткан Кара-Кыргыз автомониялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата “100 жылдыкка 100 долбоор” иш-чарасы кабыл алынган. Ошого кирген бардык долбоорлордун толук кандуу турмушка ашуусун камсыз кылуу.

➡️ 3) Бюджетин өсүшүн камсыз кылган негизги булак – бул салык тармагында жүргүзүлүп жаткан бардык реформаларды турмушка ашырууну колго алуу.

➡️ 4) Административдик-аймактык реформага байланыштуу түзүлгөн жол картадагы бардык милдет-тапшырмалар өз мөөнөтүндө жана тийиштүү деңгээлде аткаруу.

➡️ 5) Тазалык маселесине олуттуу көңүл буруп, ар бир райондо талапка жооп берген таштанды полигондорун ачуу.

➡️ Быйылкы жылы Чоң-Алайда 1, Алай, Кара-Кулжа райондорунда 2, Араван районунда 3, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу райондорунда 4төн кем эмес таштанды таштоочу жайларды ачуу милдети коюлду.

➡️ “Жашыл Мурас” акциясынын алкагында буга чейин эгилген, ушул тапта эгилип жаткан жана эгиле турган көчөттөрдүн көктөп кетүүсүн камсыз кылуу боюнча жетиштүү деңгээлде иш алып барыш керек.

➡️ 6) Келе жаткан вегетациялык сезонго даярдыктарды 100 пайызга аткаруу.

➡️ 7) Дыйкандарды үрөн, урук, күйүүчү-майлоочу май, жер семирткичтер менен камсыз кылуу жагына көзөмөл жүргүзүү.

➡️ 8.) Табигый кырсыктарга кооптуу участокторго такай мониторинг жүргүзүү.

➡️ 9) Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгып, келечекке карай инфрастуралык өнүктүрүү, бардык курулуш багытындагы иштер ошол планга ылайык жүргүзүү.

➡️ 10) Район борборлорунда көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин кароо менен катар шаардагы (район борборундагы) борборлоштурулган канализация, суу түтүк системаларын ишке киргизүүнү колго алуу.

➡️ 11) Курулуп жаткан социалдык объектилердин, жол курулуштарынын сапаттуулугун камсыз кылуу.

➡️ 12) Окуучулардын билим сапатын көтөрүү багытында жеткиликтүү иш алып баруу менен 2024-жылдын ЖРТга даярдыктарды күчөтүү.

➡️ 13) Калкты бала бакчалар менен камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүү.

➡️ 14) Саламаттыкты сактоо тармагындагы калкка көрсөтүп жаткан медициналык жардамдардын сапатын жакшыртуу иштерин колго алуу.

➡️ 15) Энелердин жана балдардын өлүмүн кыскартуу багытында комплекстүү иш-аракеттерди жүргүзүү.

➡️ 16) Кылмыштуулукту жана жол транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш чараларды күчөтүү.

➡️ 17) Ошону менен бирге учурда шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан Кара-Суу районунда шайлоону мыйзам чегинде өткөрүү боюнча тийиштүү чаралар көрүү.

 

✅ Коллегиянын отурумун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдында түзүлгөн атайын комиссиянын тандап алуусунун негизинде Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө бараандуу салымдарын кошкон төмөнкү инсандарга Ош облусунун “Ардактуу атуулу” наамдары ыйгарылды:

 

➡️ Матубраимов Алмамбет Матубраимович Кыргыз Республикасынын III- даражадагы “Манас” орденинин ээси;

 

➡️ Маматалиев Абдырахман Мадакимович “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкери” наамынын ээси;

 

➡️ Халмурзаев Абиш Алыбаевич “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкери”, КР “Даңк” медалынын ээси;

➡️ Туманов Келдибек Туманович Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалынын ээси;

 

➡️ Осмоналиев Акылбек Шарипович Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызматтын мыктысы”, мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;

 

➡️ Ачахан Тургунбаева Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасынын” ээси.

 

➡️ Акимова Валя Акимовна Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген дарыгери” наамынын ээси;

 

➡️ Акимбеков Абдибали Бурканович Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген артисти” наамынын ээси;

 

➡️ Сатыбалдыев Курстанбек Камбаралиевич Кара-Кулжа районунун “Ардактуу атуулу”, КР премьер-министринин Ардак грамотасынын ээси;

Связанный пост