Ош облусуна тогуз айда дем берүүчү гранттын эсебинен 122,9 млн сом бөлүндү

 Ош облусуна тогуз айда дем берүүчү гранттын эсебинен 122,9 млн сом бөлүндү

Ош облусу боюнча 2024-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 122,9 млн сом бөлүндү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, бул суммага жалпы 79 долбоор каржыланды:

  • Кара-Кулжа районунун – 12 объектисине 24,1 млн сом;
  • Араван району – 7 объектиге 10,5 млн сом;
  • Кара-Суу району – 15 объектиге 21,7 млн сом;
  • Ноокат району – 15 объектиге 15,5 млн сом;
  • Алай району – 4 объектиге 8,8 млн сом;
  • Өзгөн району – 20 объектиге 32,6 млн сом;
  • Чоң-Алай району – 6 объектиге 9,7 млн сом;

Анын ичинен:

  • 24 мектепке – 37,2 млн сом;
  • 30 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 45,0 млн сом;
  • 8 спорттук курулуштарга – 13,9 млн сом;
  • 3 маданий маанидеги объектилерге – 3,5 млн сом;
  • 14 бала бакчага – 23,3 млн сом;

Связанный пост