Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тоолуу аймакта балдарды жаңы-жыл майрамы менен куттуктады

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тоолуу аймакта балдарды жаңы-жыл майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Ош облусунун ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

2023-жылдын 30-декабрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун алыскы тоолуу аймактарында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жаңы-жыл майрамы менен куттуктады.

Майрамга карата үй-бүлө мүчөлөрүнө тамак-ашка керектелүүчү продукталар, ал эми балдарга таттуулар менен кошо өсүп келе жаткан жаш өспүрүмдөрдүн билимин өркүндөтүү үчүн кызыктуу китептер жана мектеп сабагында колдонулуучу буюмдар белекке тапшырылды.

Иш-чаранын максаты- алыскы тоолуу, жашоо шарты катаал аймактарда, жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык маанай тартуулоо, колдоо көрсөтүү менен жаштарга келечекке туура багыт берүү аркылуу мамлекетке ак ниет менен кызмат кылуучу, элдин керегине жараган, келечекке жоопкерчиликтүү көз караш менен караган мекенчил жаштарды тарбиялоо болуп саналат.

Связанный пост