ОСАГО: Жети айда 120 млн сомдон ашык кенемте төлөндү
Кыргызстанда 2026-жылдын жети айында ОСАГО полистери боюнча 1 250 жаранга жалпы 120 млн 101 миң сомдон ашык кенемте төлөндү.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына караганда, өткөн жуманын өзүндө ОСАГО боюнча жарандарга 2 млн 982 миң сомдон ашык төлөм жүргүзүлгөн.
Уюм жеке жактар үчүн ОСАГО полисинин базалык баасы 1 680 сомдон башталарын белгилеп, полисти онлайн түрдө болжол менен 5 мүнөттө тариздөөгө болорун маалымдады.
Алар:
- “Түндүк” тиркемеси;
- MBANK;
- MegaPay;
- Оptima;
- О!Bank.