Орунтаев: Быйыл 36 жаңы мектеп ишке берилип, орун жетишсиздиги чечилет
Бишкек, Ош жана Манас шаарында курулуп жаткан 36 чоң мектеп быйыл окуу жылында ишке берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө Бишкек шаарында — 20, Ош шаарында — 10, Манас шаарында — 6 чоң мектептин курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
“Бишкек шаарында курулуп жаткан мектептердин эң кичинекейи 550–700 орундуу болсо, эң чоңу 1200 орундуу. Ал эми Ош шаарында салынып жаткан 10 мектеп жалпысынан 50 миң баланы орун менен камсыздайт. Биз быйылкы жылы мектеп орундарына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылуудабыз. Мисалы, Бишкекте 20 мектеп куруу менен 100 миңге жакын баланы мектеп оруну менен камсыз кылабыз”, — деди министр.
Нурдан Орунтаев учурда өлкө аймагында курулуп жаткан 540 объектинин көпчүлүгү билим берүү мекемелери экендигин белгиледи:
- 200гө жакыны — мектеп;
- 50дөн ашыгы — бала бакча;
- Калгандары — башка типтеги объектилер.
Министр быйылкы жылы аталган объектилердин ичинен 200гө жакынын пайдаланууга берүү пландалып жатканын кошумчалады.