Орто-Токой суу сактагычында ГЭСтин курулушу кызуу жүрүп жатат

 Орто-Токой суу сактагычында ГЭСтин курулушу кызуу жүрүп жатат

Орто-Токой суу сактагычында «Чакан ГЭС» ААКна таандык жаңы ГЭСтин курулушу уланууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, курулуп жаткан станциянын орнотулган кубаттуулугу 21 МВт, ал эми жылдык орточо электр энергиясын өндүрүү көлөмү 75 млн кВт/ч болот.

Белгилей кетсек, куруучулар үчүн убактылуу шаарча жана бетон заводу курулуп, бул иштердин ыраатын тездетүүгө шарт түздү.

Учурда төмөнкү жумуштар аткарылууда:

– Чыгаруучу каналдын тирөөч дубалын бетон менен куюу боюнча курулуш-монтаж иштери жүрүп жатат.

– Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери аяктады.

– Туннелде бургулоо иштери жүрүүдө, 10-мартка карата 460 метр казылды.

– Суу сактагычтын жогорку кыркасында жол салуу иштери аткарылууда.

Эске салсак, долбоор Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2021-жылдын 30-июлунда бекитилген. 2023-жылдын 24-мартында China National Machinery Industry Corporation (СНМС) менен «Чакан ГЭС» ААКу ГЭС куруу боюнча келишимге кол койгон.

“Курулуш бекитилген графикке ылайык жүрүүдө. Аяктоо мөөнөтү 2026-жылдын биринчи жарымы”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост