“Ормон хан” сейил багындагы жети дубан ордолорунда маданий иш чаралар өтүп жатат
Ормон Ниязбек уулунун (Ормон Хан) 230 жылдык мааракесине арналган маданий иш чаралар Кочкор айылындагы “Ормон Хан” сейил багында өтүп жатат.
Сейил бакта “Этно аллеясы”, “Өнөр Мурас” аянты уюштурулган. Катары менен боз үйлөр тигилип, жети дубандын ордолору жасалган. Улуттук кол өнөрчүлүк, улуттук-тамак-аш, улуттук спорттук оюндар боюнча кароо-сынактар өткөрүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президенти баштаган расмий өкүлдөр сейил бактагы маданий иш чарага күбө болууда.
“Ормон Хан” сейил багы 2013-жылы муниципалдык сейил бак катары каттоодон өткөн. Жалпы аянты 13 гектарды түзөт.
Тарыхый инсан Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата сейил бакты оңдоп-түздөө иштерине 36 миллин 845 миң сом акча каражаты республикалык бюджеттен каржыланып, “Бейшенбай курулуш” ЖЧКсы тарабынан капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.