Орловкада токтоп калган асма жол боюнча ишканага айып салынды
Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарында жайгашкан лыжа базасынын асма жолунда электр энергиясы өчүп калгандыгы тууралуу интернет булактарына жарыяланган маалымат боюнча териштирүү жүрдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө электр энергиясы өчкөн маалда, резервдик дизелдик генератор ишке киргизилгенге чейин асма жолдун иши убактылуу токтоп калганы аныкталды.
Аталган коопсуздук фактысы боюнча “Энтузиаст” ЖЧКга 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Адистер тарабынан ишкана жетекчилигине техникалык коопсуздук талаптарын так сактоо боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.