Араванда дыйкан 28 гектар таштак жерди гүлдөгөн бакка айлантты
Араван районунун тургуну Залкарбек Кожобаев мындан 10 жыл мурун эч нерсе өспөгөн 28 гектар таштак жерди өздөштүрүп, кокон гилас жана шабдалынын бир нече сортун тиккен.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда эмгекчил багбан түшүмүн жергиликтүү базарларга сатып жатат.
Ишкердикти мындан ары кеңейтүү үчүн дыйкан кийинки жылы багына заманбап тамчылатып сугаруу тутумун орнотууну көздөөдө.
“Ал мамлекеттин “20/80″ долбооруна катышууну пландап жатат. Бул программа боюнча Суу чарба башкармалыгы тутумду өзү орнотуп берет, ал эми дыйкан жылдык кирешесинин 20 пайызын мамлекетке төлөп турат”, – деп айтылат маалыматта.
Багбан тамчылатып сугарууну ишке киргизгенден кийин түшүмдүүлүктү арттырып, мөмө-жемиштерин чет өлкөгө экспорттоону максат кылууда.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Араван районунда жүздөгөн дыйкандар ушундай жеңилдетилген насыяларды алып, өз продукцияларын чет мамлекеттерге ийгиликтүү сатып жатышат.