Облустарда ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү
Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Ысык-Көл жана Талас облустарында ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көзөмөл иштери Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан өткөрүлдү.
Текшерүүлөр азык-түлүк жана мал базарларын, ошондой эле эт азыктары сатылуучу жайларды камтып, соодагерлерге белгиленген эрежелер түшүндүрүлдү.
Мындан тышкары, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасы менен Бурган-Суу айылында ветеринардык көзөмөл посту уюштурулду.
Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте мал уурдоонун алдын алуу жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү максатында үч күндүк кезектешүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгиленгендей, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл калкка сапаттуу жана коопсуз азык-түлүктү камсыздоо, мыйзамсыз соодонун алдын алуу, жарандардын саламаттыгына кам көрүү жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында жүргүзүлөт.