Нью-Йоркто кыргыз-кипр мамилелеринин өнүгүү перспективалары талкууланды

2023-жылдын 20-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында министр Жээнбек Кулубаев Кипр Республикасынын Тышкы иштер министри Константинос Комбос менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү зарылчылыгы боюнча бир пикирди билдиришип, кыргыз-кипр мамилелеринин өнүгүү перспективаларын талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду улантуунун, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, соода жүгүртүүнү көбөйтүү зарылдыгына, ошондой эле эки өлкөнү кызыктырган долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууга маектештин көңүлүн бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу консультациялар боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Связанный пост