Нурланбек Тургунбек уулунун Тажикстандагы расмий сапары башталды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Тажикстан Республикасындагы расмий сапары башталды.

Алгач Төрага Дүйшөмбү шаарындагы Исмоил Сомонинин эстелигине гүл чамбар коюп, тажик элинин тарыхый инсанынын элесине таазим этти.

Расмий сапар мындан ары жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар менен уланып, анда мамлекеттер аралык байланыштарга жана парламенттер ортосундагы кызматташтыкка тиешелүү маанилүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Суйунбек Омурзаков, Мурадыл Сыдыков, Пархат Тулендыбаев, Арсланбек Малиев, Бекмурза Эргешов, Чыңгыз Ажибаев жана Бактыяр Калпаев бар.

Связанный пост