Нурланбек Тургунбек уулу Япониянын элчиси Хидэки Годаны кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Годаны кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө кызматынан билдиришти.

Жолугушууда кыргыз-япон кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланып, тараптар парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу ой бөлүштү.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Япония мамлекети Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ өнөктөш өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп, ага ылайык социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды ырааттуу өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Муну менен катар Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин алкагында жасалып жаткан иштерге токтолгон төрага: “Агенттик аркылуу ар кыл тармактарда, айрыкча билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфраструктура багытында биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Анын ичинен ооруканаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо иши жигердүү жүргүзүлүп, кыргызстандыктар үчүн Жапониянын алдыңкы окуу жайларында билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө”, – деди.

Андан тышкары, калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн эки тараптуу иш сапарларды уюштуруунун мааниси чоң экенин айткан төрага 2023-жылы КР президентинин Япониядагы расмий сапары ийгиликтүү болгонун, анда байланыштардын жаңы барагын ачкан олуттуу документтерге кол коюлганын эске салды.

Ошондой эле жетишилген келишимдерди ишке ашырууда жана мамлекеттер аралык алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын да ролу чоң экенине токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш Япониянын парламенти менен тыгыз иш алып барууга кызыкдар экендигин баса белгиледи. Буга кошумча эки өлкөнүн парламенттеринде түзүлгөн депутаттык достук топтору акыркы мезгилдери жигердүү иш алып барып жатканын билдирди.

Өз кезегинде элчи Хидэки Года 1992-жылдан бери Япония мамлекети Кыргызстан менен кызматташып келе жатканын айтып, калыптанган алакаларды арттыруу багытында жасалып жаткан иштер жана алардын жыйынтыктары тууралуу кеп кылды. Тагыраагы, билим берүү жаатында кызматташтык жигердүү өнүккөнүн мисал кылган элчи Япониядан билимин жогорулатып келген кыргызстандыктардын саны көбөйгөнүн, алардын катарында азыркы учурда иштеп жаткан эки министр да бар экенин билдирди.

Муну менен катар жетишилген келишимдердин ийгиликтүү ишке ашуусуна керектүү ратификациялоо маселелерин ыкчам колдоого алып келе жаткандыгы үчүн Жогорку Кеңешке ыраазычылыгын билдирген Хидэки Года Япония үчүн парламенттер аралык кызматташтыкты да өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.

Связанный пост