Нурланбек Тургунбек уулу иш сапары менен Казакстанга келди
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу иш сапары менен Казакстанга келди. Бул тууралуу парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.
Кыргыз делегациясын Астана шаарында жайгашкан Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аба майданынан Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасынын орун басары Альберт Рау баштаган жетекчилер тосуп алды.
Иш сапардын алкагында Нурланбек Тургунбек уулу эки өлкөнүн Парламенттер аралык кеңешинин III жыйынына катышат.
Муну менен катар эртең Түрк мамлекеттеринин Парламенттик уюмунун кеңешинин кезектеги отуруму жана XIV пленардык жыйыны өтөт.
Кошумчалай кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Чолпон Султанбекова, Улан Бакасов, Айсулуу Мамашова жана Аппараттын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.