Нурланбек Тургунбек уулу: Айыл өкмөт башчыларын ротациялоо саясаты өзүн актаган жок

Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу айыл өкмөт башчыларын ротациялоо саясаты өзүн актабагандыгын билдирди.

Тагыраагы, Төрага Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, азыр айыл өкмөт башчысы болууну каалагандар өз айылына эмес, башка аймактарды жетектөөгө тартыларын белгилеп: «Бирок бул иш жүзүндө туура эмес натыйжаларга алып келүүдө. Шаар жана облус башчылары, акимдер арасында ротациялоо саясаты өзүн актаганы менен айыл өкмөттөр арасында андай жыйынтыкты көрө алган жокпуз. Бүгүнкү күндө ар бир районду карасак, экиден-үчтөн айыл өкмөттөрдүн ордулары бош турат. Башка айылдардан барып иштебей жатышат. Барса дагы эки ай, үч ай, эң көп дегенде төрт-беш айдан кийин кетип калышууда», – деди.

Аталган маселе боюнча Президент менен сүйлөшүп, Министрлер кабинетине тиешелүү тапшырмалар берилгенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу, Президенттин жана Министрлер кабинетинин өкүлүнө тез арада мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген сунушту алып келүү талабын койду.

«Эл күтүп жатат. Кечээ жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушканда да ушул маселе курч экени айтылды. Айыл өкмөт башчыларын мурдагыдай эле өзүнүн айылынан дайындабасак болбойт. Анткени, бир айылдан барып бир айылга натыйжалуу иштебейт экен. Муну тез арада өзгөртүшүбүз керек»,– деп кошумчалады.

Ушундай эле көрүнүш райондук деңгээлдеги маданият, билим берүү жана энергетика тармактарында да бар экенин белгилеген Төрага: «Боёкчу, боёкчу десе, сакалын кошо боёптур» кылбай, мындай ротациялоо саясатын токтотушубуз зарыл», – деди.

Связанный пост