Нурланбек Шакиев: Парламент мамлекетибиздин алдыга жылышына зарыл болгон мыйзам долбоорлорун кабыл алып, аткаруу бийлиги менен эриш-аркак иш алып барып келебиз
Бүгүн, 20-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Үчүнчү Элдик Курултайдын алгачкы күнкү жыйынына катышты.
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулган Элдик Курултайга аймактардан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынан шайланган 700дөй делегат чакырылган.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга учкай токтолуп: “Мамлекетибиздеги жасалып жаткан жакшы иштерде Жогорку Кеңештин салымы өтө чоң. Муну Эгемендүүлүк майрамында өлкө башчысы да баса белгилеп, керектүү демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууда депутаттардын көмөгү көп экенин билдирген. Чындыгында эле парламент мамлекетибиздин алдыга жылышына зарыл болгон мыйзам долбоорлорун токтоосуз кабыл алып, аткаруу бийлиги менен эриш-аркак иш алып барып келебиз”, – деди.
Ошондой эле негизги эки маселеге токтолгон Төрага: “Анын бири билим берүү тармагы. Биз кубаттуу өлкөнү куралы десек билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурушубуз кажет. Келерки жылы тармакта ири реформа ишке ашырылып, мектептер 12 жылдык окутуу системасына өтөт. Мындай система ийкемдүү, инклюзивдик жана инновациялык билим берүү системасын түзө турган стратегиялык кадам катары каралууда. Башкысы жасалган реформа тармактын алдыга жылуусуна көмөкчү болуп, окуу системасын жакшыртууга өбөлгө түзүшү зарыл”, – деди.
Муну менен катар Төрага бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайларга чейин, ал тургай илим изилдөө мекемелерин да Билим берүү жана илим министрлиги көзөмөлдөй тургандыгын айтып: “Министрликке мыкты жетекчини алып келсек да, анын баарына жетишип, тармакты оңдоп кете албайт. Андыктан, жеке мен министрликти экиге бөлүүнү демилгелеп келем. Тагыраагы бала бакчалар менен мектептерди Агартуу министрлиги жетектесе, жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө мекемелерин Жогорку билим жана илим министрлиги көзөмөлдөгөнү оң”, – деди. Сунушту Президент да колдоого алганын кошумчалады.
Андан тышкары экинчи негизги маселе катары экологиялык көйгөйлөр тууралуу кеп кылган Төрага: “Биз көп учурда капарга албаганыбыз менен азыр экологиядагы көйгөйлөр дагы көңүл чордонундагы маселе. Айрыкча биз өлкөбүздөгү токой аянттарын сактап, аларды кеңейтүүгө басым жасашыбыз кажет. Анткени, жерибиздин 6%ын гана токойлор ээлейт. Бул көрсөткүч өтө аз. Биз жыл сайын миңдеген көчөттөрдү олтургузганыбыз менен алар каралбай, натыйжасыз болууда. Андыктан, көчөттөрдү тигип эле тим болбой, алардын келечекте өнүп-өсүп кетүүсүнө да кам көрүүбүз зарыл”, – деди.
Ошондой эле таза суунун булагы саналган мөңгүлөрдү да сактоо маселесин көтөргөн Нурланбек Шакиев: “Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстандын аймагында соңку 70 жылда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарган. Мындай жагдайга тез арада чара көрбөсөк, табигый каатчылыкка кептелишибиз мүмкүн. Ага ылайык, алдын-алуу иштеринин бири катары жогоруда белгилеген токойлорду көбөйтүү маселесине өзгөчө көңүл буруубуз керек. Айрыкча аталган тармакты тейлеген мекеменин макамы менен катар жоопкерчилигин да күчөтүп, өзүнчө мекеме түзүү мүмкүнчүлүгүн да карашыбыз кажет”, – деди.
Сөзүнүн аягында Төрага Нурланбек Шакиев Курултайда утурумдук көйгөйлөр эмес, келечекке керектүү маселелер талкууланышы керектигин белгилеп, делегаттарды мамлекеттин багытын, келечегин аныктай турган маанилүү демилгелерди көтөрүүгө чакырды.