Нурланбек Шакиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ву Воон-шик менен баарлашты

 Нурланбек Шакиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ву Воон-шик менен баарлашты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ашхабад шаарында өтүп жаткан 5+1 форматындагы жолугушуунун алкагында Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын Төрагасы Ву Воон-шик менен баарлашты.

 

Тараптар кыргыз-корей кызматташтыгынын учурдагы абалы тууралуу сөз кылып, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча да ой бөлүштү.

 

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Корея Республикасы менен калыптанган алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, анын ичинен социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү зарылчылыгына токтолду.

 

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ву Воон-шикти Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

 

Өз кезегинде Ву Воон-шик Борбордук Азия менен Корея Республикасы геосаясий жактан орчундуу орунду ээлей тургандыгын белгилеп: “Бул багыттан алганда мамлекеттер аралык экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү чексиз”, – деди. Муну менен катар Кыргызстан менен Корея бардык багыттар боюнча жигердүү кызматташып келе жатканын эске салып, өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор арбын экенине токтолду.

 

Андан тышкары айтылган куттуктоо үчүн ыраазычылыгын билдирип, Жогорку Кеңештин Төрагасынын чакыруусун кабыл алуу менен келип кетерин убада кылды.

 

Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиев Ашхабад шаарында уюштурулган Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Корея Республикасынын парламенттеринин жетекчилеринин II жолугушуусуна катышууда.

Связанный пост