Нурланбек Шакиев иш сапары менен Тажикстанга жөнөп кетти

 Нурланбек Шакиев иш сапары менен Тажикстанга жөнөп кетти

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев иш сапары менен Тажикстанга жөнөп кетти.

 

Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, иш сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Тажикстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияга катышат.

 

Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

 

Төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Динара Ашимова, Жумабек Салымбеков жана Элдар Сулайманов бар.

Связанный пост