Нурланбек Шакиев 73809 аскер бөлүгүндө болуп, жоокерлердин күжүрмөн даярдыгынан кабар алды

Бүгүн, 25-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар 73809 аскер бөлүгүндө болуп, өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгы менен жеринде таанышты.

Алгач Төрага Нурланбек Шакиев коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун коштоосунда аскердик бөлүктөгү жоокерлер үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты. Ошондой эле жоокерлер менен жолугушуп, алар менен да баарлашты.

Аскердик милдетин өтөп жаткан жоокерлерге ийгиликтерди каалаган Төрага: “Жерибиздин бүтүндүгү, элибиздин тынчтыгы силердин колуңарда. Андыктан, кандай гана кырдаал болбосун мекен үчүн бек туруп, Кыргызстаныбыз үчүн кызмат кыласыңар деген терең ишеничтемин”, – деди.

Ошондой эле акыркы жылдары мамлекет тарабынан коргоо жана коопсуздукту камсыздоо тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеген Нурланбек Шакиев аскердик бөлүктөгү жоокерлерге зарыл болгон бардык шарттар түзүлүшү керектигин кошумчалады.

Тагыраагы, Төрага аталган аскердик бөлүктө курулуп жаткан турак-үйлөрдүн, бала бакчанын жана башка социалдык мекемелердин курулушу менен да таанышып чыгып: “Азыр өлкөбүздөгү бардык тармактарда реформалар жүргүзүлүүдө. Андыктан, Куралдуу күчтөрүндө да жаңылануулар жасалып, аскерлерибиз мыкты күжүрмөн даярдыкта болушу шарт. Бул үчүн мамлекет тиешелүү жардамдарды берүүгө ар дайым даяр. Өз кезегинде Жогорку Кеңеш да керектүү мыйзамдарды кабыл алып, маанилүү демилгелерди колдоого алууну улантат”, – деди Төрага.

Иш-чара жыйын менен уланып, анда министр Бактыбек Бекболотов баштаган аскердик жетекчилер Коргоо министрлигинин ишмердүүлүгү жана тармакта жасалып жаткан реформалар тууралуу маалымат беришти. Тагыраагы аскерлердин социалдык абалын жакшыртуу жана заманбап аскердик техникаларды алуу жаатында алгылыктуу иштер жасалып жатканын белгилешти.

Аягында Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттарга “Ала-Тоо” аскердик полигонунда жоокерлердин күжүрмөн даярдыгы жана тактикалык машыгуусу көрсөтүлдү.

Связанный пост