Нурдан Орунтаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдеттерин аткарат

 Нурдан Орунтаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдеттерин аткарат

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Орунтаев Нурдан Кемелович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Орунтаев Нурдан Кемелович Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Орунтаев Нурдан Кемеловичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Связанный пост