Нурдан Орунтаев: Бостеридеги эски атракциондордун баары алынууда

 Нурдан Орунтаев: Бостеридеги эски атракциондордун баары алынууда

Бостери айылындагы Борбордук жана Алтын-Кум пляждары бириктирилип заманбап талаптарга ылайык жаңы пляж курулат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине курулуш министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, аталган пляждагы 1,5 чакырым жериндеги эскилиги жеткен жана бир нече жылдан бери иштебей турган атракциондор алынып, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Курулуш иштери жайкы сезонго бүткөрүлөт.

“Пляжга курулчу имараттардын баары заман талабына жооп берет. Даараткана, пирс, кийим алмаштыруучуу, жуунучу жайлар, дүкөндөр, күндөн калкалоочу чатырлардын баары алмаштырылат”,-деди ал.

Ал белгилегендей муну менен катар Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы пляждар дагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

“Мындан сырткары, ар бир пансионаттардын ээлерине дагы пляждарды тийиштүү шарттарга ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөргүлө деген талапты коюп жатабыз. Кээ бир пансионаттардын ээлери учурда оңдоп-түзөө иштерин башташты”,-деди ал.

Связанный пост