Норберт Фибиг: Германиянын Туризм ассоциациясы кыргызстандык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Германиянын Туризм ассоциациясынын президенти Норберт Фибиг жана анын Германиянын ири туроператорлорунун өкүлдөрүнөн турган делегациясынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн келечегин жана бул жаатта эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

 

Эдил Байсалов Кыргызстан үчүн туризмди өнүктүрүү приоритеттүү экенин белгилеп, өлкөнүн кайталангыс жаратылышынын кооздугун, бай тарыхын жана маданиятын камтыган туристтик потенциалын баса белгиледи.

 

«Биз туризмге инвестиция тартууга кубанычтабыз жана бул жаатта германиялык өнөктөштөр менен кызматташууга даярбыз. Германия дүйнөдөгү эң чоң сыртка чыгуучу туризм булагы жана Кыргызстан үчүн ири кызыгууну жаратат», – деди Эдил Байсалов.

 

Ал ошондой эле немис кесиптештерине өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу айтып берип, туризмди өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзгөн курулуш, энергетика, инфраструктура, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар программалар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгиледи.

 

Өз кезегинде Норберт Фибиг Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүндө өтүп жаткан бул жолугушуунун символикалуу экенин белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин жана Германиянын Туризм ассоциациясы кыргызстандык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

 

Норберт Фибиг Германиянын туристтик ассоциациясы Кыргызстандын туристтик потенциалын Германия рыногунда илгерилетүүгө көмөктөшүүгө, ошондой эле туризм тармагында кыргызстандык адистерди даярдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

 

Жолугушууда биргелешкен туристтик долбоорлорду түзүү жана Кыргызстанды эл аралык аренада туристтик өлкө катары таанытуу маселелери да талкууланды.

Связанный пост