Ноокен районунда селден өспүрүм каза болду

 Ноокен районунда селден өспүрүм каза болду

Ноокен районунда селден улам 300 үй-бүлө эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Белгиленгендей, күн мурун нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттордон суу топтолуп, сел жүргөн.

 

Селдин кесепеттерин жоюуга жерине жалпысынан 134 кызматкер, 13 инженердик техника тартылган.

 

Тилекке каршы, Эски-Кочкор-Ата айылынын кичинекей тургуну Э.Ж. аттуу өспүрүмдү сел алып кеткелген.

 

Момбеков айыл аймагындагы сел каптаган Бостон айылында 2143, Эски-Кочкор-Атада 500 кожолук бар. Учурда эки айылдагы кооптуу болгон жалпы 300 турак үйдүн жашоочулары убактылуу эвакуацияланды.

 

Мындан тышкары, сел суулары Бишкек – Ош унаа жолунун 518-чакырымын каптап, 1 чакырым аралыктагы жолдон сел суулары аккан. Саат 21:10до аталган унаа жол тазаланып, бир тараптуу ачылды.

 

Кошумча маалымат берилет.

Связанный пост