Ноокатта 48 батирлүү үй мамлекетке кайтарылды

 Ноокатта 48 батирлүү үй мамлекетке кайтарылды

Ноокат шаарында 48 батирлүү үй мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ош областынын прокуратурасы тарабынан соттук актылардын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ноокат шаарында 48 батирлүү үй 0.48 га жер тилкеси менен биргеликте Ноокат шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жеке тарапка сатылып кеткендиги аныкталып, сот органдарына доо арыз келтирилген.

Доо арыз сот органдары тарабынан канааттандырылып, мыйзамсыз түзүлгөн келишимдер жараксыз деп табылган.

Натыйжада, Ош областынын прокуратурасы тарабынан прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 93 миллион 221 миң сомго бааланган 48 батирлүү үй 0.48 га жер тилкеси менен Ноокат шаарынын муниципалдык балансына алынды.

Связанный пост