Нарындын Ак-Тал айылында жаңы мектептин курулушу аяктады

Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында А.Турдакунов атындагы 150 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Курулуш иштери 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Жаңы мектеп эки кабаттуу, окуу корпусу, өтмө галерея жана спорт залынан турат.

Мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет.

Связанный пост