Нарындагы темир-бетон цехи жылдык планды мөөнөтүнөн мурда аткарды

 Нарындагы темир-бетон цехи жылдык планды мөөнөтүнөн мурда аткарды

Нарындагы темир-бетон цехи жылдык планды мөөнөтүнөн мурда аткарды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, темир-бетон буюмдарын жасоочу цех 2025-жылга белгиленген өндүрүш планын мөөнөтүнөн кыйла эрте, болгону алты ай ичинде толук ишке ашырды.

Жылдык план боюнча 1500 даана зым тирек чыгаруу каралса, коюлган план жарым жыл ичинде толугу менен аткарылды жана жыл аягына чейин дагы 1000 даана зым тирек өндүрүү пландалууда.

Мындай көрсөткүч ишкананын өндүрүш кубаттуулугунун жогорку деңгээлин көрсөтөт.

Ошондой эле цехте капиталдык курулуш тармагында колдонулуучу, мурда башка цехтерден алынып келчү зым тиректерди да өз базасында чыгарыла баштады. Бул кадам чыгымдарды кыскартууга чоң өбөлгө түздү.

Связанный пост