Нарында жыл аягына чейин 5 энергетикалык объект ишке берилет
Нарын облусунда жыл аягына чейин 5 энергетикалык объект ишке берилет.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, энергетика тармагын өнүктүрүү жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында курулуп жаткан объекттердин катарын төмөнкүлөр бар:
- Нарын РЭТтин Нарын шаарында жайгашкан административдик кеңсеси. 3 кабаттуу, заманбап архитектуралык стилде курулуп, жалпы аянты 920 м² түзөт. Куруучу: ЖЧК “Гранд Строй KG”;
- Ат-Башы РЭТтин электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн кеңсеси. 2 кабаттуу, аянты 360 м². Куруучу: “Стрим Групп” ЖЧК;
- Жумгал РЭТтин административдик кеңсеси – 2 кабаттуу, 360 м² аянттагы имаратты “Ширин Бизнес Групп” ЖЧК курууда;
- Кочкор РЭТтин оңдоо цехи – аянты 180 м², куруучу компания “Адис Строй” ЖЧК.
- Кочкор районунун Чолпон айылында темир-бетон буюмдарын жасоочу цех – жалпы аянты 844,5 м², куруучу “Ширин Бизнес Групп” ЖЧК.
Долбоордун жалпы сметалык баасы 199 млн 386 миң сом.
Бүгүнкү күндө иштеринин аткарылышы 80-90 пайызды түзөт. Бардык объекттер сентябрь жана октябрь айларында пайдаланууга берилет.