Нарында жазгы себүү иштери башталды
Быйыл Нарын облусунда жалпысынан 46 миң 167 гектар жерге дан эгиндерин себүү пландалууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29 миң 275 гектар дан өсүмдүктөрүнө бөлүнөт. Бүгүнкү күнгө чейин 318 гектар жер айдалып, анын 240 гектарына арпа, 78 гектарына буудай себилген.
Бекитилген айдоо планы боюнча, төмөнкү аянттарды бөлүү каралууда:
Жүгөрү үчүн – 376 гектар;
Май өсүмдүктөрү үчүн – 249 гектар;
Таруу үчүн – 10 гектар;
Картошка үчүн – 4994 гектар;
Жашылча үчүн – 486 гектар;
Бир жылдык чөптөр үчүн – 10 827 гектар.
Жазгы талаа иштерине жалпысынан 7 137 тонна үрөн керектелет, учурда анын 94%ы (6 715 тонна) даярдалган. Айыл чарба техникаларынын 90%дан ашыгы ишке даяр экени белгиленди.
Мындан тышкары, мамлекет тарабынан арзандатылган баада каралган 468 200 литр күйүүчү-майлоочу майдын 246 500 литри буга чейин дыйкандарга таратылган.