Нарында эт, балык кластерлерин түзүү колго алынды

 Нарында эт, балык кластерлерин түзүү колго алынды

Нарында эт, балык кластерлерин түзүү колго алынды.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматыеын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Нарын облусунда эт, сүт, бал, балык, мөмө-жемиш, сафлор жана тоют кластерлерин түзүү боюнча иштер жолго коюлду.

 

Бүгүн, 13-ноябрда Нарын облусунун дыйкан-фермерлери үчүн өткөрүлгөн айыл чарба семинарында эт жана балык кластерлерин өнүктүрүү максатында КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров “Дордой-Балыкчы” жана “Форель балык чарбасы” Ачык акционердик коомдорунун өкүлдөрү менен кызматташуу Меморандумуна кол коюшту.

 

Келишимге ылайык, Балыкчы шаарындагы “Дордой-Балыкчы” эт комбинатына Нарын облусунун фермерлери өздөрү өндүргөн этти базар баасында сатып өткөрө алышат. Мындан сырткары эт кластерин түзүү максатында дыйкан-фермерлерге Нарын облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фонду тарабынан 100 миллион сом бөлүндү. Бул каражат эт багытындагы асыл-тукум мал өстүрүүгө 2 пайыздык үстөк менен 10 жылга насыяга берилет. Мындай шарт фермерлерге мал сатып алып өстүрүп, өндүрүлгөн продукцияны сатып киреше табууга чоң өбөлгө болмокчу.

 

Ошондой эле Келишимдин негизинде Балыкчы шаарындагы “Форель балык чарбасы” Нарын облусунун балык өстүрөм деген дыйкан-фермерлерине чабактарды, балыктын жей турган азыгын, жемин берет. Фермерлер балыкты өстүргөндөн кийин кайра аталган балык чарбасына базар баасында сатып өткөрүшөт. Балык чарбасын уюштурам деген фермерлер үчүн “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан 50 миллион сом каралды. Долбоорлорду аталган фондго тапшыра башташса болот. Каржылоо 2025-жылы жүргүзүлөт.

 

Маалымат үчүн: Айыл чарбасын, жеке ишкердикти, кайра иштетүү, өндүрүш ишканаларын колдоо багытында 2025-жыл үчүн “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан 450 миллион сом бөлүндү. Долбоор жазып, 2 пайыз үстөк менен 10 жылдык мөөнөткө насыяга каражат алсаңыздар болот. Айрыкча айыл чарба тармагындагы эт, сүт, бал, балык, мөмө-жемиш, сафлор жана тоют кластерлерин түзүү долбоорлорун каржылап берүүгө даярбыз.

Связанный пост