Нарында быйыл 200 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Быйыл Нарын облусун өнүктүрүүгө 15 млрд сом бөлүнүп, 127 социалдык объект курулуп, 266 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

 

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жумушчу сапары менен Нарын облусуна келип, бир катар курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

 

Сапардын алкагында Нарын районуна атайын техникалар тапшырылып, шаардагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу боюнча маалымат берилди. Учурда облус боюнча 15 млрд сомго 127 ири долбоор ишке ашып жатат. Ошондой эле быйыл 266 чакырым жолго асфальт төшөлүп, анын 200 чакырымы толугу менен бүткөрүлөрү белгиленди.

 

Иш сапарга президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев да катышып, курулуштардын жүрүшү менен жеринен тааныштырды. Ал белгилегендей, бул долбоорлор – президенттин тапшырмаларынын алкагында ишке ашырылып жаткан ири иштердин бир бөлүгү.

 

Сапар учурунда Камчыбек Ташиев Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын президенттин Иш башкармасынын балансына өткөрүп, толук реконструкциялоо боюнча тапшырма берди. Парк жаңылангандан кийин эс алуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, аймактын туризмдик мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

Связанный пост