Нарында 24 миңден ашык “акылдуу” электр эсептегич орнотулду

Жыл башынан бери Нарын облусунун аймагында 24 144 “акылдуу” электр эсептегич орнотулду.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Ак-Талаа районуна – 5014;
- Ат-Башы районуна – 6547;
- Жумгал районуна – 5385;
- Нарын районуна – 2870;
- Тогуз-Торо районуна – 4328.
Негизинен быйылкы жылга карата облустун аймагында жалпы 33 600 даана электр эсептегич орнотуу каралган. Ал эми 2022-жылдан бери 44 миң 45 даана “акылдуу” электр эсептегич орнотулду.