Нарында 10 бөлүктөн турган реновация долбоору ишке ашат
Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалын, инфратүзүмүн жакшыртуу максатында “Нарын – реновация” аталышындагы креативдүү долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүүнөн билдиришти.
Учурда каражат булактарын табуу аракети жүрүп жатат.
Долбоор 10 бөлүктөн турат:
Нарын шаарынын Сейил-Булак аймагына авто көпүрө куруу долбоору. (Көпүрө курулса Нарын шаарынын, Нарын районунун калктуу конуштарынын аянты 311 гектарга кеңейет)
Нарын шаарынын Москва чөлкөмүнөн кире беришине жаңы автобекет куруу;
Эски автобекеттин имаратына балдардын заманбап эс алуу борборун уюштуруу;
Нарын шаарынын Городок аймагына 9 кабаттуу, 6 блок “Теңир Тоо сити” турак жай комплексин куруу (1-2-кабатына административдик жана коммерциялык имараттар жайгашат. 20 калкты тейлөө мекемесин ушул имаратка жайгаштыруу менен элге ыңгайлуу маүмкүнчүлүк түзүлөт).
Нарын шаарынын РТС аймагына ипотекалык турак-жай куруу;
Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндөгү сейил бак реконструкцияланып, Панорамалык аттракцион (колесо обозрения) коюлат;
Нарын дарыясына “Айнек асма көпүрө” салуу; (Бул туристтер үчүн ыңгайлуу жер болуу менен бирге жана шаардын бюджетин толтурууга мүмкүнчүлүк түзөт)
Нарын шаарына Инновациялык креативдүү демилгелер борборун (ЦИКИ) куруу; (Муну менен китепкана, музей, кинодирекция, телеберүү ж.б маданият мекемелерин заманбап курулган имаратка жайгаштырылып, ыңгайлуу шарт түзүп берилет жана Тянь-Шань, Р.Өмүрзакова парктары реконструкцияланат)
Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү турак жайлардын фасаддарын бирдей типке келтирүү;
Жарандык коргоонун облустук штабын уюштуруу.
Өкүлчүлүктөн долбоор Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен иштеп чыккандыгын жана бул иштер быйылкы жылы башталары кошумчалашты.