Нарында өспүрүмдөрдүн түнкүсүн көчөдө көзөмөлсүз жүрүшүнө жол бербөө максатында рейд өтүп жатат

 Нарында өспүрүмдөрдүн түнкүсүн көчөдө көзөмөлсүз жүрүшүнө жол бербөө максатында рейд өтүп жатат

Нарын шаардык мэриясы Нарын шаарында өспүрүмдөр арасында укук бузууларды, зордук-зомбулукту алдын-алуу жана кечки саат 22-00ден таңкы 6-00 чейинки убактарда ата-энесинин же болбосо аларды алмаштыруучу адамдардын коштоосу жок жүргөн жашы жетелектерди аныктоо максатында “Өспүрүм түн” аталыштагы рейддерди шаардын жаштары, шаардык Кеңештин депутаттары жана шаардык мекемелер менен бирдикте уюштуруп жатат.

Атайын түзүлгөн комиссия парк-скверлерде, көчөлөрдө көзөмөлсүз жүрүүгө болбойт экендиги тууралуу түшүндүрүү иштерин алып барышып, тийиштүү чараларды көрүшөт.

Связанный пост