Нарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу маселеси каралды
Бүгүн, 12-январда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук фактыларын алдын алуу боюнча кеңешме өткөрүлдү.
Жыйында КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Сатаров тарабынан тиешелүү тармак адистерине коомдук уюмдар менен бирге бирдиктүү иш алып барып, коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алуу тапшырмасы берилди.
Өз деңгээлинде иш алып барбагандарга чара көрүлөөрү эскертилди.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.