Нарын, Жалал-Абад жана Чүй областтарынын мектептеринде робототехника класстары ачылууда

Кыргызпатент тарабынан Нарын, Жалал-Абад жана Чүй областтарынын мектептеринде робототехника класстары ачылууда
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент), Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) биргелешип жакынкы күндөрдө Нарын шаарынын №8-мектебинде, Чүй областындагы Кайыңды шаарынын №3-мектебинде жана Жалал-Абад шаарынын Балдар чыгармачыл борборунда Робототехника жана санарип-дизайн окутуу борборлору ачылуу алдында турат.
Аталган борборлорго керектүү жабдуулар (компьютерлер, интерактивдүү такталар, көп функционалдуу принтерлер, 3Д каражаттар) жана эмеректер бүгүнкү күндө жеткирилип берилүүдө.
Жакынкы аралыкта Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын катышуусу менен робототехника кабинеттеринин расмий ачылышы уюштурулуп аталган жабдуулар белек катары тапшырылмакчы.

Связанный пост