Нарын шаарынын ички жолдоруна асфальт төшөлөт

Наарын шаарынын ички жолдоруна толугу менен асфальт төшөлөт. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.

“Нарын шаары боюнча жалпы 44 көчөгө асфальт төшөлөт. План боюнча бардык көчөлөр быйылкы жол сезонунда бүткөрүлөт.

Президенттин тапшырмасын мөөнөтүндө аткаруу максатында Нарын шаарынын ички жолдорун куруу иштерин тездетүүнү талап кылдым.

Бүгүн аткарылып жаткан иштердин көлөмүнө көз салып, жолдорду сапаттуу курууга тапшырма бердим.

Курулуш иштерин өз убагында бүткөрүү жеке көзөмөлүмдө турат. Быйыл жалпы Нарын облусу боюнча 106 чакырым жолду асфальттоо каралган”-дейт министр Текебаев.

Связанный пост