Манас районунда эки мектепке чейинки билим берүү мекемеси ишке берилди

Бүгүн, 2023-жылдын 14-апрелинде Талас облусунун Манас районунда эки мектепке чейинки билим берүү мекемеси ишке берилди.

Талас облусунун Манас районуна караштуу Кыргызстан айыл өкмөтүнүн Көк-Дөбө айылында эки кабаттан турган 100 орундуу “Ак шоола” муниципалдык бала бакчасы пайдаланууга берилди.

Бала бакчанын курулушуна жалпысынан 10 млн 220 миң 283 сом жумшалып, анын ичинен 8 млн 808 миң 583 сом түрткү берүүчү грант аркылуу капиталдык ремонтуна сарпталса, 1 млн 411 миң 700 сом “Манас” райондук өнүгүү фондунан бөлүнүп, эмеректер алынган.

Ал эми Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Ак-Таш айылында 50 орундуу “Абдылдабек уулу Марат” атындагы муниципалдык бала бакча ачылып, долбоордун жалпы суммасы 5 млн 335 миң сомду түзөт. Анын ичинен капиталдык ремонтуна 4 млн 350 миң сом суммасындагы каражат “Талас” өнүктүрүү фондунан каржыланып, “Манас” райондук өнүгүү фондунан 985 миң сом каражат эмеректерине бөлүнгөн.

Связанный пост