Нарын шаарынын Ак Коргон аймагындагы эски күмбөздөрдүн орду парк кылуу үчүн түздөлүүдө

Жергиликтүү тургундардын кайрылуусуна ылайык, Нарын шаарынын Ак Коргон аймагындагы эски күмбөздөрдүн орду парк кылуу үчүн түздөлө баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин мүрзөлөр тургундар тарабынан тийиштүү ырым-жырымдарын жасоо менен бузулган. Жердин жалпы аянты 1 гектарга чукул.

Алдыда аталган аймактын айланасы тосулуп, бак-дарактардын көчөттөрү тигилет. Келечекте сейил багы кылуу үчүн атайын долбоору да даярдалууда.

Связанный пост