Нарын шаарында 9 кабаттуу ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

 Нарын шаарында 9 кабаттуу ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Нарын шаарында 9 кабаттуу ипотекалык турак үй курулат. Ал төрт блоктон туруп, 216 батирлүү болот.

 

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, учурда курулуштун алгачкы жумуштары башталды.

 

Нарын шаарынын РТС аймагынан жер аянты бөлүнүп берилип, турак жайдын долбоордук-сметалык документтерин даярдоо жумуштары башталган.

 

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун көзөмөлү менен документтери толук бүткөрүлдү. Ушу тапта суу, электр энергиясы тартылып, учурда курулуштун пайдубалын даярдоо жумуштары жүрүп жаткандыгы белгилүү болду.

 

“Ипотекалык турак үйдүн жалпы сметалык баасы 747 млн сомду түзөт. Каражат “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан каржыланат. “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунун, Нарын шаардык мэриясынын жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ортосунда үч тараптуу финансылык келишим түзүлдү. “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин отурумунда долбоор колдоо таап, алгачкы 10 пайыз акчасы Мамлекеттик ипотекалык компанияга которулуп берилди”, – деп айтылат маалыматта.

 

Эми турак үйдүн курулушу 2 жылдын ичинде толугу менен аяктап, үйлөрдүн ачкычтары электрондук кезекте турган шаар тургундарына тапшырылат.

Батирлердин акчасын жарандар 25 жылдын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компанияга ай сайын бөлүп төлөө жолу менен төлөп беришет. Ипотекалык компания ал каражатты “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондуна кайтарат.

 

Батирлер үчүн болжол менен жашоочулар айына чарчы метрине жараша 6 миң сомдон 12 миң сомго чейин төлөшөт.

 

Турак үйдүн 72 батири 1 бөлмөлүү, 72 батири 2 бөлмөлүү жана 72 батири 3 бөлмөлүү болуп курулаары пландалган.

 

Калкты ипотекалык турак үйлөр менен камсыздоо муну менен эле чектелбейт. Алдыда муктаждыкка жараша райондордун борборлоруна, айылдарга көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдү куруу мерчемделүүдө.

 

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын март айында Нарын шаарына болгон иш сапарында шаар тургундарына ипотекалык үй куруу чечимин чыгарып, ошол эле күнү жетекчилерге тапшырмаларды берген болчу.

Связанный пост