Нарын шаарында 1,28 гектар жер мамлекетке кайтарылды

 Нарын шаарында 1,28 гектар жер мамлекетке кайтарылды

“Тулпар” акционердик коомунун Нарын шаарындагы 1,28 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК мамлекеттик кыймылсыз мүлк объектилерин жеке менчикке өткөрүп берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнүн жыйынтыгында Нарын шаарындагы мурда «Тулпар» АКнын балансында турган жалпы аянты 1,28 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди.

1992-жылы КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен “Кыргызагростройтранс” бирикмесинин Нарын автобазасы менчиктин формасын өзгөртүү боюнча эмгек жамаатынан арыз түшпөгөндүгүнө карабастан “Тулпар” акционердик коому болуп кайра түзүлгөндүгү аныкталган. Ошондой эле баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын Нарын аймактык өкүлчүлүгү салыктарды төлөбөгөндүгү, акцияларды эсепке алуунун жана каттоонун жоктугу, активдердин кыймылы жана коомдун директорлор кеңешинин алмашуусу ж.б. у.с. көрүнүштөргө акционерлер тарабынан узак жылдар бою көңүл бурулбай келгени аныкталган.

“Тулпар” АКнын негизги акционерлери менен болгон түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында 12 794 м2 жер тилкесин Нарын шаардык мэриясынын балансына ыктыярдуу түрдө өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Связанный пост