Нарын шаарында 1,1 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

 Нарын шаарында 1,1 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Нарын шаарындагы “Республикалык автоэксплуатациялык” бирикмесине тиешелүү болгон 1,1 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жер 1972-жылы Нарын шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин чечими боюнча “Республикалык автотехникалык тейлөө” бирикмесине техникалык тейлөө станциясын куруу үчүн берилген.

Андан ары 1992-жылдын январында Мамлекеттик мүлк фондунун башкармалыгынын 1993-жылдын 12-февралындагы токтомуна ылайык, бул ишкананын базасында “КыргызАвтосервис” акционердик коому түзүлүп, анда үлүштүк катыштуулугу төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленген: “Мамлекеттик мүлк фондунун” үлүшү – 25%; эмгек жамаатынын үлүшү – 61%; башкаруучунун, анын ичинде К.А.М. үлүшү – 6,6%; Х.Ф.Х., А.Т.С. жана К.В.М. – ар биринин үлүшү 2%дан бөлүштүрүлгөн.

2002-жылы “КыргызАвтосервис” акционердик коому банкроттук шылтоосу менен жабылып, кайрадан “Декар” көп профилдүү өндүрүүчү ишканасы” ЖАК болуп өзгөртүлүп, анын президенти болуп башкармалыктын мүчөсү К.А.А. шайланган.

Ошол эле жылы К.А.А. Б.Б. аттуу жаранга кол коюу укугун берген ырастамасын тариздеп, ал аркылуу сөз болуп жаткан жер тилкеси “Декар” көп профилдүү өндүрүүчү ишканасы” ЖАКтын кызматкери И.А.га өткөрүлгөн.

Мындан улам жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мурунку “Республикалык автотехникалык тейлөө” бирикмеси, азыркы “Декар” көп профилдүү өндүрүүчү ишканасы” ЖАКтын мыйзамсыз ээлик кылып жүргөн жер тилкеси Нарын шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлдү.

Связанный пост