Нарын облусунун аймагында жер титиреди

 Нарын облусунун аймагында жер титиреди

Күн мурун, 19-мартта саат 19:16да Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Талаа районунун Кара-Ой айылынан түндүк-чыгышка карай 7 чакырым, Кадыралы айылынан түндүк-батышка карай 9 чакырым аралыкта жайгашып, Кара-Ой, Кадыралы, Жаңы-Талап айылдарында 4 баллга, Ак-Кыя айылында 3,5 балл, Баетов айылында 3 балл жана Нарын районунун Учкун, Ак-Кудук, Восьмое марта айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост