Нарын облусунун аймагында бир катар социалдык объектилер курулууда

Нарын облусунун аймагында бир катар социалдык объектилер курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Дем алыш күндөрү Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басарлары Самат Жантелиев менен Бакай Турдугулов жумушчу сапары менен аймакта болушуп, оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан жана жаңы курулуп жаткан социалдык объектилердин абалы менен таанышты.

Алар жумушчу сапарынын жүрүшүндө төмөнкү объектилерге барышты:

1. Ат-Башы районундагы – Сейитказы Андабеков атындагы Маданий-Спорт ордосуна;

2. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайынды айылынын – 120 орундуу бала бакчага;

3. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылынын – Жолдубай Кайыпов атындагы 150 орундуу орто мектепке;

4. Нарын облусунун Нарын шаарындагы – А. Сыдыков атындагы 375 орундуу орто мектепке;

5. Нарын шаарындагы – В. Чкалов атындагы мектептин 500 орундуу кошумча корпусуна;

6. Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы – Ш. Рысмендеев атындагы 375 орундуу орто мектепке;

7. Кочкор районунун Кочкор айылындагы – И. Арабаев атындагы 500 орундуу орто мектепке;

8. Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын – Абдылдаев атындагы 275 орундуу орто мектебине.

Директордун орун басарлары курулуп жаткан объектилер менен таанышып чыгып, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Давид Курманов жана орун басары Марат Жумабек уулуна курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурулуусун, өз мөөнөтүндө бүткөрүлүүсүн көзөмөлгө алууну жана курулушка тиешелүү тапшырмаларды беришти.

Связанный пост