Нарын облусунда унаа башкарууга укугу жок бүтүрүүчүлөр кармалды
![Нарын облусунда унаа башкарууга укугу жок бүтүрүүчүлөр кармалды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2024/05/img-20240525-wa0035-850x560.jpg)
Нарын облусунда унаа башкарууга укугу жок бүтүрүүчүлөр кармалышты. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Нарын облусунун Кочкор районунундагы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин бүтүрүүчү 11-класстарынын окуучулары “Акыркы коңгуроо” салтанаты иш-чарасынан кийин, автоунааларды ижарага айдатышып, тоо койнуна эс алууга ата-энелеринин жана мугалимдеринин коштоосу жок бара жатышкан учурда, Кочкор РИИБү боюнча ЖККБнүн кызматкерлери тарабынан токтотулуп, автоунаанын ичиндеги окуучуларды Кочкор РИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматына өткөрүлүп берилип, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.