Нарын облусунда унаа башкарууга укугу жок бүтүрүүчүлөр кармалды

 Нарын облусунда унаа башкарууга укугу жок бүтүрүүчүлөр кармалды

Нарын облусунда унаа башкарууга укугу жок бүтүрүүчүлөр кармалышты. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Нарын облусунун Кочкор районунундагы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин бүтүрүүчү 11-класстарынын окуучулары “Акыркы коңгуроо” салтанаты иш-чарасынан кийин, автоунааларды ижарага айдатышып, тоо койнуна эс алууга ата-энелеринин жана мугалимдеринин коштоосу жок бара жатышкан учурда, Кочкор РИИБү боюнча ЖККБнүн кызматкерлери тарабынан токтотулуп, автоунаанын ичиндеги окуучуларды Кочкор РИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматына өткөрүлүп берилип, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Связанный пост